• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Исаев БУУнун өкүлү менен качкындар жана башпаанек издегендердин көйгөйлөрүн талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 27.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (КЖКБ) Борбор Азия боюнча Регионалдык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУ КЖКБнын кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, КЖКБнын өкүлү мамлекеттик органдар менен биргеликте качкындар жана башпаанек издеген адамдардын көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстанда жашаган жарандыгы жок адамдарды аныктоо жана каттоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Министрдин биринчи орун басары Исаев Кыргызстан БУУ КЖКБнын ишмердүүлүгүн колдой тургандыгын жана анын мандатынын алкагында КЖКБ менен кызматташууну улантууга даяр экендигин баса белгиледи. А.Исаев маектешине Кыргызстан качкындардын укуктарын коргоо маселесине өзгөчө маани берерин жана өлкө бул маселеде өзүнө алган милдеттенмелерин ырааттуу карманат деп ишендирди.

КЖКБнын өкүлү Шоддер учурдагы кызматташтыктын деңгээлин жогору баалап, качкындардын укуктарын коргоо жана жарансыздык маселелери боюнча Кыргызстандын милдеттенмелерин ишке ашыруу маселелеринде көмөк көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий