• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Испания мекенине кайтты! Россия командасы тарыхта биринчи жолу чейрек финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 02.07.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол чемпионатынын 1/8 финалында Испания менен Россиянын курама командалары беттешти. Оюндун негизги убактысында эсеп 1:1 менен аяктады.

Оюндун 12-мүнөтүндө Рамос менен топ талашкан Игнашевич өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды. 41-мүнөтүндө Россиянын оюнчусуна орой ойногондугу үчүн 11 метрлик айып соккусу белгиленди. 11 метрден Россиянын чабуулчусу Дзюба тээп эсепти 1:1ге өзгөрттү.

2-таймда кооптуу чабуулдар болгону менен голго айланган жок. Оюн пенальтиге жетти. Испаниядан Иньеста, Пике, Рамос гол киргизсе, Россиядан Смолов, Игнашевич, Головин,Черышев гол киргизди. Пенальти 4:3 эсебинде Россия жеңип, кийинки турга өттү.

Пикир

Оставить комментарий