• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кадамжайда милицияда иштеп жүрүп каза болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында бүгүн кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эскерүүгө Кадамжай районунун администрациясынын башчысы - аким Кутпидин Шакиров, шаар мэри Бакыт Бегалиев жана жергиликтүү райондук соттун төрагасы Марклен Нармурзаев, Кадамжай РИИБдин өздүк курамы жана каза болгон кызматкерлердин жакындары катышты.

"Кадамжай РИИБде кызмат учурунда 11 кызматкер каза болгон. Өздүк курам кызмат учурунда элге ак кызмат кылып, өз жанын аябастан кылмышкерлер менен күрөшкөн кесиптештерин эскеришти. Алардын эстеликтерине гүлчамбарлар коюлуп, шаар мэри менен райондун акими материалдык жардамдарын беришти. Аларга багышталып куран окутулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий