• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык мэриясында Координациялык кеңеш өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында Координациялык кеңеш өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Координациялык кеңеште үч маселе каралды.

Алар:

1. Жалал- Абад шаарындагы жашы жете элек балдардын ден соолугун, билим алуу укуктарын колдоо, жашы жете электерге байланыштуу кылмыштарды азайтуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү.

2. Үй-бүлөдөгү зордук зомбулук.

3. Жеке ишкерлердин укуктарын коргоо маселеси.

Координациялык кеңештин жыйынында жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун күчөшү боюнча маселеге басым жасалды. Анда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн зордукталышына ижарага берилүүчү суткалык батирлердин, мейманканалардын да байланышы бар экени айтылып, көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында үстүбүздөгү жылдын 5 айында өспүрүмдөр тарабынан жасалган 28 факты КЖБРге катталып, 2 кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Ал эми 2020-жылдын 5 айында КЖБРге өспүрүмдөр тарабынан жасалган 8 факты катталып, анын үчөө соттун кароосуна жиберилген. Милиция өткөн жылы кылмыштуулуктун аз болушун карантиндик чектөөлөргө байланыштырууда.

Пикир

Оставить комментарий