• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова суракка чакырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова суракка чакырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан белгилешкендей, УКМКнын Башкы тергөө кызматы Мамлекеттик каттоо кызматы, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы, Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызмат адамдарына жана башка адамдарга карата жаңы үлгүдөгү паспортторду жасоо кызматын сатып алуудагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөдө. Ал иштин алкагында Каттоо кызматынын мурдагы башчысы Шаикова фигурант катары өтүүдө.

"УКМКнын Башкы тергөө кызматы тарабынан А. Шаиковага адвокаты аркылуу бир нече ирет суракка чакыруу жөнөтүлгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

УКМКдан билдиришкендей, 5-августка чейин суракка келбеген учурда Кылмыш-процессуалдык кодекстин 239-беренесине ылайык А. Шаиковага издөө жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий