• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Казакбаев Европа Биримдиги – Борбордук Азия министрлеринин жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Кечээ, 22-ноябрда Душанбе шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдиги – Борбордук Азия министрлеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун негизги темалары болуп аймактагы актуалдуу окуялар, Евробиримдик менен Борбордук Азиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү маселелери, Афганистандагы окуяларга басым жасоо менен коопсуздуктун жалпы чакырыктары, экономикалык кызматташтык, соода-инвестициялык мамилелер, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, суу жана климат боюнча кызматташтык маселелери талкууланды.

Министр Казакбаев өз сөзүндө Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрүнө 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого эл аралык байкоочуларды жибергендиги үчүн ыраазычылык билдирди, бул кризистен кийинки транзиттик мезгилдин жыйынтыктоочу этабы болот. Министр аймактар аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүнү арттырууга даярдыгын белгиледи. Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциалга басым жасады. Ал 2022-жылы Бишкекте өтүүчү Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна кыргыз тараптын даярдыгы тууралуу маалымат берди. Ал билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана Борбордук Азияда Европа университетин, ошондой эле Кыргыз Республикасында Европалык орто мектепти түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун катышуучулары Афганистандын жаңы бийликтери менен биринчи кезекте афган элине зарыл гуманитардык, финансылык жана экономикалык жардам көрсөтүү максатында конструктивдүү диалогду куруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жалпы пикирлерин билдиришти. Тараптар радикалдашуу коркунучуна, эл аралык терроризмдин күчөшүнө, баңги аткезчилигинин көбөйүшүнө, мыйзамсыз миграцияга тынчсыздануусун билдирип, аймактагы коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты. Бул контекстте өлкөлөр чек араларды бекемдөө жана баңги аткезчилигине каршы аракеттенүү, анын ичинде БОМКА жана КАДАП программаларын күчөтүү аркылуу кызматташууну активдештирүүнү макулдашышты.

Министр Казакбаев Кыргызстан тарабынан ооган элине көрсөтүлүп жаткан гуманитардык жардам тууралуу маалымат берип, бул багытта дүйнөлүк коомчулук жана Афганистан өкмөтү менен өз ара аракеттенүүгө жана конструктивдүү кызматташууга даяр экенин билдирди.

Еврокомиссар Ю.Урпилайнен Афганистандагы гуманитардык жана социалдык-экономикалык кыйроону болтурбоо үчүн Евробиримдик тарабынан 1 миллиард доллар бөлүнөрү тууралуу маалымат берди.

БА өлкөлөрү жана ЕБ Кыргыз Республикасы тарабынан 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте БА өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жана Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти В.Домбровскистин деңгээлинде Биринчи ЕБ-БА Экономикалык форумунун ийгиликтүү өтүшүн кубатташты. Форумда экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары: жашыл калыбына келтирүү, санариптештирүү жана сергек бизнес чөйрөсүн түзүү талкууланды. Форумдун катышуучулары мамлекеттерди COVID-19 кийинки реконструкциялоо зарылдыгын эске алуу менен форумдун өз убагында өткөрүлүшүн белгилешти. Келишимдерди практикалык планга өткөрүү үчүн тараптар форумду Борбордук Азиянын жана ЕБнин борборлорунда ырааттуу түрдө туруктуу негизде өткөрүүгө макулдашты. Кийинки форум 2023-жылы Казакстанда өтөт. Кыргыз Республикасы штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашкан форумдун катчылыгын түзүүнү сунуштады.

Еврокомиссар Ю.Урпилайнен 2021-2027-жылдарга Евробиримдиктен Борбордук Азия аймагы үчүн ЕБ аймактык индикативдик программасынын алкагында каражат бөлүү жөнүндө маалымат берди.

Кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары: туруктуу өнүгүү (адам укуктары, суу-энергетика, жарандык коом, тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо) жана гүлдөп-өнүгүү (санариптештирүү, бизнес-чөйрө, адам потенциалы) боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каражаттар аймак боюнча бөлүштүрүлөт.

Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерге токтолуп, Кыргыз Республикасы ошондой эле мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын кыскартуу, тоо экосистемаларын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелерин көтөрдү.

Пикир

Оставить комментарий