• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда куткаруу иштерине тартылган кыргызстандык куткаруучулар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 16.12.3. /Кабар/. Казакстанда куткаруу иштерине тартылган кыргызстандык куткаруучулар сыйланды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Жамбыл облусунун администрациясынын жетекчилиги, облустук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы табигый кырдаал жаралганда айкөлдүк менен куткаруу иштерин аткарып, боордош эки элдин достук мамилесин чыңдоого салым кошкондугу үчүн кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык билдирип, сыйлык тапшырышты.

Учурда казак элинин сыйлыгына татыган 39 кыргыз куткаруучусу өз мекенине ийгилик менен кайтышууда. Алардын жардамы менен кар күрткүдө калган 16 жаран Кыргызстанга жеткирилген. Мындан сырткары, алар Кордай ашуусунда карга тыгылган 2 оор жүк ташуучу жана 3 жеңил унааны сүйрөп чыгарышкан.

Белгилей кетсек, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда жааган кардын кесепетинен Алматы – Ташкент жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылып, өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий