• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин жанында Викрам Рузахуновду колдоо митинги өттү

Коом 0


Бишкек, 09.01.22. /Кабар/. Бишкекте Казакстандын элчилигинин жанында Казакстанда кармалган кыргызстандык Викрам Рузахуновду колдоо митинги өттү.

Элчиликтин алдына 50гө жакын тарапташтары, кесиптештери, достору жана кайдыгер эмес жарандар чогулду.

Чогулгандар Казакстандын бийлигинен маалыматтык манипуляцияны токтотууну, ошондой эле кыргыз элин мамлекеттин ички иштерине кийлигиштирбөөсүн суранышты.

«Викрам Рузахуновго каршы манипуляция – бул башталышы гана. Анын ордунда мигранттар, конокко барган жарандар болушу мүмкүн», - деп белгилешти митингчилер.

Ошол эле учурда Казакстанда кармалган кыргызстандыктын досу Денис Бурлаковдун айтымында, видеодогу адам Викрам Рузахунов болгон.

"Ал 2022-жылдын 2-январында Алматыга келишим менен иштегени учуп кеткен. Кийинчерээк коңшу өлкөдө абал курчуп кеткендиктен, Викрам байланышка чыкпай калган. Биз ал митингге 200 доллар үчүн катышпастыгына толук көзүбүз жетет, анткени ал акчаны өз мекенинен табууга толук кудурети жетет», - деди ал.

Өз кезегинде, ырчы Юлия Руцкая Викрам Рузахуновду жеке таанырын, аны тарбиялуу, адекваттуу адам катары билерин белгиледи.

“Ал каржылык жактан көз каранды эмес болчу. Анын Бишкекте эки жеке унаасы, батири жана дачасы бар. Ага 90 миң тенге үчүн Алматыга баруунун кажети жок эле. Казак ЖМКлары тараткан видеодо анын сабалып, араң сүйлөп жатканы көрүнүп турат”, - деп белгиледи ырчы.

Чогулгандар музыкантты мекенине кайтаруу жана маалыматтык манипуляцияларды токтотуу өтүнүчү менен кат даярдашкан.

Мурдараак, Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана «Джаз_Бишкек_Весна» фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Пикир

Оставить комментарий