• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтер 24-майга чейин кабыл алынат

Билим 0

Бишкек, 01.05.24. /Кабар/. Казакстандын ЖОЖдоруна тапшыруу үчүн документтер 24-майга чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.

Ведомстводон белгилешкендей, Казакстан 2024-2025-окуу жылына карата Кыргызстандын жарандарына университеттеринде билим алууга 50 орун бөлгөн:

-бакалавриат программаларына - 25 орун;
- магистратура боюнча – 20 орун;
- үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүүгө – 5 орун.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер онлайн системасынан каттоодон өтүп, талап кылынган документтерди жүктөшү керек. 23-майда саат 23:59га чейин арызды жана каттоо формасын толугу менен толтуруу зарыл.

Толук маалыматты шилтеме аркылуу алса болот.

Конкурска катышуу боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15:00дөн 17:00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондор аркылуу берилет. Ошондой эле суроолорду icipd.moes@gmail.com электрондук дарегине жиберсе болот.

Пикир

Оставить комментарий