• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ханчжоуда Кыргызстан менен Түштүк Кореянын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрү өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Ханчжоу шаарына (Кытай Эл Республикасы) жумуш сапары менен барган КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азия оюндарынын алкагында Түштүк Кореянын премьер-министри Хан Дук Су менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, анын ичинде жакында эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын Нью-Йоркто (Америка Кошмо Штаттары) өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кароону талкуулашты.

“Түштүк Корея биздин өлкөнүн Азия-Тынч океан аймагындагы приоритеттүү өнөктөшү болуп саналат жана биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы салттуу достук мамилелерди жогору баалайбыз, ошондой эле биздин кызматташуубуз келечекте дагы бекемделишине ишенебиз”, - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекеттер аралык байланыштарды жана эки тарапты кызыктырган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүнүн кийинки кадамдары белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий