• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кой-Таш окуялары боюнча сот: Мамлекеттик айыптоочу иштин материалдарына бир нече том кошулду деген маалыматты төгүндөдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш ишинин баштапкы угуулары башталды.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочулар тобунун башчысы Темирбек Бекмаматов билдиргендей, бул иш боюнча жалпы 14 киши фигурант бар.

"Мыйзам боюнча баштапкы угуулар жабык өтөт. Учурда жактоочу тараптын өтүнүчтөрү каралууда. Баштапкы угуулар эртең саат 10:00дө улантылат", - деди ал.

Анын айтымында, иштин материалдары 88 томдон турат. Айып актысынын өзү 2 том турат.

"Айыпталуучулардын баары аны менен таанышкандан кийин ал акт материалдарга тиркелет. Алардын 4 тому купуяланган. Жактоочулардын бир нече том кошулду жана алар эмне тууралуу экенин билбейбиз деп айткандары чындыкка туура келбейт. Ал материалдардын баары соттук териштирүүнүн жүрүшүндө изилденет", - деди ал.

Ал белгилегендей, соттук отурум ачык же жабык өтөрүн соттук териштирүү башталганда сот чечет.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

КР Башкы прокуратурасы билдиргендей, Башкы прокуратура КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 252-беренесине ылайык, ИИМдин Тергөө кызматынан түшкөн, Атамбаев А.Ш., Ниязов Ф.А., Карамушкина И.Ю., Кодуранова А.С., Жээнбеков Р.Б., Мискенбаев М.Д., Жолдубаева К.А., Сагымбаев К.Р., Шаменов М.Т., Карыпбек уулу Р., Баабиев Ф.Ж., Осмоналиев К.А., Капарбек уулу Н. жана Какебаев А.Э. Кылмыш кодексинин 39 жана 309-беренеси (бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү), 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук), 337-берене (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу), 244-берене (Барымтага алуу), 264-берене (Массалык башаламандыктар), 130-берене (Адам өлтүрүү), 39 жана 130-берене (Адам өмүрүнө кол салуу), 253-берене (Куралды мыйзамсыз жүгүртүү), 257-берене (Атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу), 338-беренелеринде (Сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу коркутуу же зомбулук кылуу) каралган кылмыштарды жасоого айыптоо боюнча айып актысы тиркелген 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши менен таанышып чыгып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жөнөткөн.

Кызматташуу боюнча макулдашуу түзүлгөндүктөн 5 адамга карата кылмыш иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Пикир

Оставить комментарий