• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

"Коопсуз шаар": Бишкектин 10 кесилишине видеокамера орнотулууда – фото

Коом 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. 12-февралга чейин Бишкек шаарынын он кесилишине фото- видеокамералар орнотулуп, толук иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Азыркы учурда мэрия долбоордун биринчи этабын аткарууга даярдык иштерин көрүүдө. "Бишкекзеленхоз" камералар үчүн тоскоолдук кылышы мүмкүн деген бак-дарактарды кыюуда. Аба ырайынын байланыштуу аткарылып жаткан иштер бүтөрүнө аз калды, деп кабарлады мэриянын басма сөз кызматы.

Видео камералар илинип, техникалык башка жабдуулар даярдалып жатат. Ошондой эле айрым көчөлөрдүн кесилишине светофорлор алмаштырылууда.

Мэриянын маалыматы боюнча, аткарылып жаткан иштер 8-февралга чейин аяктайт.

Маалым болгондой, биринчи этапта күнү-түнү иштеген фото- видеокамералар төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде болот:

Жибек Жолу – Жаш Гвардия,
Чүй – Ю.Фучик,
Чүй – Бейшеналиев,
Жибек Жолу – Ю.Фучик,
Чүй – Жаш Гвардия,
Бөкөнбаев – Абдрахманов,
Жибек Жолу – Абдрахманов,
Чүй – Курманжан Датка,
Московский – Абдрахманов,
М.Горький – 7-Апрель.

Камералар орнотулган көчөлөрдүн кесилишинде атайын белги орнотулат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабы боюнча Бишкектеги он көчөнүн кесилишинен тышкары, республиканын 17 тилкесинде дагы фото-видеокамералар орнотулуп, 12-февралда иштеп баштайт. Алардын көпчүлүгү Бишкек-Ош жана Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолдорунда орнотулат.

Эске салсак, "Коопсуз шаар" долбоорун россиялык "Вега" "Радиоуктуруу концерни" компаниясы утуп алган. "Коопсуз шаар" долбоорунун төрт этапта аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий