• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке дагы 11 млн. сом которулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 11 млн. 215 миң 817 сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясы тарабынан экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 237 млн. 900 миң 938 сом которулган.

Пикир

Оставить комментарий