• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Айыпталуучунун ооруп калгандыгына байланыштуу отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.19 /Кабар/. Бүгүн, 2-август күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун жана 10 айыпталуучунун иши каралууда.

Айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу келбей калгандыктан соттук отурум жылдырылды. Анын адвокаты сотко айыпталуучунун ооругандыгы тууралуу маалымкатты тапшырды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов, мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана жеке компаниялардын башчылары К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Бишкектин экс-мэри Кулматов өтүп жаткан иштер боюнча, мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий