• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Мурдагы министр Лаврова сурак берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланды.

Отурумдун алкагында Бишкектин "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушу боюнча экс-финансы министри Ольга Лаврова сурак берүүдө.

Аталган эпизод боюнча Лаврова маалымдагандай, Калыс-Ордодогу курулуш иштерин кытай компаниясы жүргүзгөн. Алар өздөрү жалдануучуларды (подрядчик) тандашы керек болчу. Үчүнчү компания менен болгон макулдашуу тууралуу Лаврова эч нерсе билбей тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий