• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

"Кумтөр" кениндеги медициналык кызматтын иши жакшыртылды

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. "Кумтөр" кениндеги медициналык кызматтын иши жакшыртылды, - деп кабарлайт "Кумтөр Голд Компани" (КГК). ЖАКтын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, ар бир ишкана – өз кызматкерлерине коопсуз эмгек шартын түзүп берүү менен ар биринин ден соолугуна кам көрүп, ишке болгон жөндөмдүүлүгүн арттыра алат. “Кумтөр” кени деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте, катаал климаттык аймакта жайгашкандыктан, ал жактагы кызматкерлердин саламаттыгы да өзгөчө камкордукка муктаж. “Кумтөр” кенинин Кыргызстанга өтүшү менен жумушчулардын ден соолугун чыңдоого байланышкан бир катар иштер жасалды.

Барскоон айылындагы “Волна” жүргүнчүлөрдү транзиттик которуу пунктуна кызматкерлерди вахта алдындагы саламаттыгын текшерүү үчүн атайын санитардык-гигиеналык контейнер орнотулду. Ал эми кендеги медициналык пункт кеңейтилип, ремонт иштери жасалды. Кошумча палаталар салынып, жаңы жабдыктар сатылып алынды. Сасык тумоо сыяктуу жугуштуу оорулардын белгиси бар бейтаптар үчүн ооруну жайылтпоо үчүн өзүнчө эшик жасалды.

"Баардык кызматкерлер дайыма медициналык кароодон өтүп турушат. Жакында эле жүрөк, кан тамыр ооруларын алдын алуу үчүн 2 173 кызматкер медициналык кароодон өтүп, 31и кайра текшерүүдөн өтүүгө жиберилди", – дейт “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын башкы дарыгери Анаркүл Давлетбакова.

“Кумтөр” кениндеги врачтардын бийик тоолуу шарттагы медициналык тажрыйбасына кызыккан чет элдик адистер да бул жакка келип турушат. Европадагы Респиратордук Коомчулук агартуу программасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Конрад Блох “Кумтөргө” ушуну менен экинчи ирет келип отурат.

Кендеги турак-жай лагери – эмгекке болгон туура мамиленин эң мыкты үлгүсү десем болот. Баардыгы таза, бөлмөлөр жылуу, иреттүү. Тамак-ашы абдан соонун. Компания өз кызмактерлерине жогорку деңгээлде кам көрүп, ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жатканы баардык нерседен байкалып турат-дейт швейцариялык профессор Конрад Блох.

Ошондой эле КГК өз кызматкерлеринин спорттук кызыгууларына, сергек жашоо образына болгон аракеттерин ар дайым колдоого алып келет. Врачтар ар бир адам өз ден соолугуна өзү кам көрүп, өтө чоң жоопкерчилик менен мамиле жасаганда гана ар кандай ооруу, сыркоолорду алдын алууга болоорун эскертип келишет.

Жайкысын кендин айланасына жайлоого чыккан малчыларга да "Кумтөрдүн" медициналык кызматы кам көрүп турат. Ар кандай кокустуктарда ыкчам медициналык жардам керек болсо, "Кумтөрдүн" эшиги алар үчүн ар дайым ачык.

Пикир

Оставить комментарий