• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз балбандары Россияда өткөн эл аралык турнирде 7 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, турнир 21-декабрдан 23-декабрга чейин Россиянын Нижний Тагил шаарында өткөн.

Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 7 медалга ээ болушту:

  • 63 кг салмакта Сабит Шамшединов - алтын;
  • 130 кг салмакта Рустам Садыков - алтын;
  • 55 кг салмакта Смадияр Жумакадыров - күмүш;
  • 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов - күмүш;
  • 67 кг салмакта Чолпонбек уулу Сыймык - коло;
  • 67 кг салмакта Динмухамед Бегелдиев - коло;
  • 72 кг салмакта Сүймөнкул Икрамов - коло.

Пикир

Оставить комментарий