• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргыз спортчулары Азия оюндарынан кийин Бишкекке кайтып келишти

Спорт 0

Бишкек, 28.09.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Кыргызстандык спортчулар 17-27-сентябрь аралыгында Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы оюндардан бүгүн Бишкекке кайтып келишти.

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан премьер-министр Сапар Исаков, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин администрациясы тосуп алды.

Өкмөт башчы спортчуларга эл аралык мелдеште жакшы жыйынтык көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирди.

Азия оюндарына Кыргызстандан 153 спортчу спорттун 17 түрү боюнча катышты: жеңил атлетика, сууда сүзүү, спорттук күрөш, баскетбол 3х3, алыш күрөшү, бильярд спорту, шахмат, спорттук бий, ат спорту – конкур, футзал, джиу-джитсу, кикбоксинг, казак күрөшү, тай боксу, самбо, таэквондо, улуттук түркмөн күрөшү.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча кыргыз спортчуларынын байге куржунунда 70 медаль бар: 13-алтын, 20-күмүш жана 37-коло.

Медаль алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 8-орунду ээлеген. Биринчи орунда уюштуруучу өлкө Түрмөнстан турат.

Пикир

Оставить комментарий