• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу тажик элчисине нааразылык нотасы тапшырылды

Саясат 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде 2020-жылдын 8-майында болгон чек арадагы чырга байланыштуу 9-май күнү КР Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода чакырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана жарандарына карата гранатомет найлуу автоматтардан, анын ичинде топтук минометтук куралдан бутага алып ок атууга байланыштуу тажик дипломатына КР Тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды. Ок атуунун натыйжасында Кыргызстандын чек ара кызматынын үч аскер кызматчысы жана бир жергиликтүү тургун оор жаракаттарды алышкан. Тажикстандын аскер кызматчыларынын жана жарандарынын кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды туруксуздандырууга алып келүүчү ачыктан-ачык деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине тынчсыздануу билдирилди", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Министрликтен билдиришкендей, тажик тарабынын жогоруда аталган мыйзамга каршы аракеттери элдердин биримдигин жана тынчтык менен бейпилдикти сактоонун символдору катары саналуучу Улуу Жеңиш майрамынын алдында жана ыйык Рамазан айында болуп жатканы абдан эле өкүнүчтүү факт болуп жаткандыгы белгиленген.

"Кыргыз тарап чек арага чектеш райондордогу кырдаалдын курчушу үчүн бүт жоопкерчиликти толугу менен тажик тарапка жүктөйт. Кырдаалдын андан ары курчушун болтурбоо жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы жана бир жергиликтүү тургун жарадар болгон: учурда үчөө ооруканада жатат, бирөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий