• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргыз ырчысы Казакстанда өткөн эл аралык фестивалда биринчи орунга ээ болду

Маданият 0

Бишкек, 27.00.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык ырчы Айпери Кулбаева эл аралык “The Spirit of Desht-I-Kipchak” этникалык фестивалда биринчи орунга ээ болду. Маданий иш чара 14-18-сентябрда Астанада (Казакстан) өткөн. Бул тууралуу ырчы өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Биринчи турда катышуучулар казак элдик чыгармаларын аткарышкан, экинчи турда болсо аткаруучулар өз өлкөлөрүнүн маданиятын чагылдырып беришкен.

“Вокал” номинациясы боюнча биринчи орунду кыргызстандык ырчы Айпери Кулбаева багындырган. Экинчи орунду венгер ырчысы, үчүнчүнү түрк опер ырчысы, ал эми гран-прини италиялык аткаруучу багындырган.

Кулбаевага 1 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий