• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан – Япония оюнуна бардык билеттер сатылып бүттү

Спорт 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Кыргызстандын Футбол федерациясы Кыргызстан менен Япония ортосундагы футболдук беттештин билеттери толугу менен сатылганын билдирди.

Эртең, 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын курамасы Япониянын командасы менен оюн өткөрөт.

Оюн 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт.

"Тилекке каршы биздин стадион бардык каалоочуларды батыра албайт. Ошондуктан күйөрмандарга кошумча фан-зона уюштурулат. Ал эми, стадиондун эшиги оюн башталганга чейин 2 саат мурун ачылат", - деп белгиледи федерациядан.

Пикир

Оставить комментарий