• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанда бир аптада 19,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин өлкө аймагында 19 миң 571 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Анын ичинен:

-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 284;

-Мас абалында авто транспорт каражатын башкаруу -312;

-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-99;

-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар- 1036;

-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-2706;

-Авто ээнбаштык - 8;

-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4098;

-Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу - 3;

-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 841;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1778 унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий