• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда маданий мурастарды коргоо боюнча жаңы адистик пайда болот

Маданият 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда маданий мурастарды коргоо боюнча жаңы адистик пайда болот. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети (КММИУ) жана Улуттук тарых музейи "Музей иши жана эстеликтерди коргоо" адистигине 5 жылдык, күндүзгү окуу бөлүмүнө кабыл алууну жарыялайт.

Аталган адистикке орто мектепти аяктагандар, ошондой эле республиканын музейлеринде иштегендер жана квалификациясын жогорулатууну каалагандардын бардыгы тапшырса болот.

"КММИУнун кабыл алуу комиссиясы жана Улуттук илим-изилдөө институтунун кызматкерлери сиздерди кызыктырган бардык маселелер боюнча маалымат беришет", - деп белгилешти министрликтен.

Документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 31-июлунан 17-августуна чейин КММИУнун окуу корпусунда жүргүзүлөт.

Бишкек шаары, К.Жантөшев көчөсү 113. Байланыш телефондору: +996 507 767 976; +996 500 708 561

Пикир

Оставить комментарий