• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт. Иш-чаралардын программасы

Маданият 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын жана Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында 2021-жылдын 12-14 август күндөрү Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маданият күндөрүнүн программасы Россия элдеринин руханий маданиятын көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардын комплексинен турат.

​12-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы өтөт. Ага Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашеванын фольклордук топторунун аткаруусундагы "Фольклор - Россиянын жаңы" аталышындагы концерт тартууланат. Ал эми филармониянынын фойесинде көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмө уюштурулуп, Россиянын субъекттеринин өкүлдөрүнүн жетекчилиги астында элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар менен коштолот.

​13 -августта Г. Айтиев Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Россиянын руханий-маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган "Низаминин сюжеттери жана сүрөттөрү: Чыгыш менен Батыштын диалогу" көргөзмөсү ачылып, ал 2021-жылдын 1-сентябрына чейин уланат.

​Ошондой эле бул күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Санкт-Петербург метрополинин дин кызматкерлеринин хорунун концерти өтүп, сахнада XX кылымдагы мыкты чыгармалар жаңырат.

Мындан сырткары, Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү жыйыны болот.

​Ал эми 14-август күнү саат 17:00дө Кант шаарында Санкт-Петербург митрополинин кызматкерлеринин хору концерт берүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий