• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,8 пайызга өскөн

Кырсык 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8 ай ичинде республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталып (2020-жылы 1515), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 29,8% өскөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 25 адам каза тапкан. (2020-жылы 14 адам), жана 36 адам жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд 389 млн 727 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1248 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 63,5 %ын түзгөн.

Өрттүн негизги себептери төмөнкүлөр:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 783 (24,5%);
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 189 (35,0 %);
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 320 (2,2%);
  • балдардын от менен ойноосуунан – 109 (109%), өрт кырсыгы болду.

Өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Бишкек шаарында – 323;
  • Чүй облусунда - 494;
  • Ош облусунда - 192;
  • Жалал-Абад облусунда - 247;
  • Ысык-Көл облусунда - 198;
  • Нарын облусунда - 64;
  • Талас облусунда - 60;
  • Ош шаарында - 64;
  • Баткен облусунда 324 өрт катталган.

Өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
  • тамекинин калдыктарын жана ширеңкелерди таштабагыла

"Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактап, өзүңүздүн турак жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий