• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда унааны онлайн кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда автотранспорт каражаттарын онлайн түрдө кайра каттоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоорду Ички иштер министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги биргелешип ишке ашырышты.

Долбоор КР президентинин администрациясынын демилгеси менен иштелип чыгып, "РСК Банк" ААК платформасында жүзөгө ашырылат.

Онлайн кайра каттоо үчүн ИИМдин "Унаа" ММнин бөлүмдөрүндө унаа фото-видео кароодон өтүш керек, визуалдык текшерүүнүн маалыматтары базада 30 күн сакталат жана онлайн кайра каттоо "RSK 24" тиркемесинин колдонуучулары үчүн жеткиликтүү болот.

"Эгерде айып пулу жок жана транспорт каражаты камакка алыбаган учурда, сиз унааны онлайн сатууга мүмкүнчүлүгүңүз болот", - деп айтылат маалыматта.

Жакынкы келечекте онлайн кайра каттоо башка төлөм тутумдарында да жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий