• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 29.04.2019. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Кытайда өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия биринчилигинде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу unitedworldwrestling.org сайтында айтылат.

Белгилей кетсек, Азия биринчилиги Кытайдын Сиань шаарында 23-28-апрель күндөрү болуп өттү.

Үзүр Жусупбеков 97 килограмм салмак ченинде күч сынашкан. Ал финалдык беттеште өзбекстандык балбан Жахонгир Турдиев менен күрөшүп, аны 3:2 эсебинде уткан.

Мындан тышкары дагы үч балбан – Асан Сулайманов (55 кг), Руслан Царев (72 кг) жана Мурат Рамонов (130 кг) Азия биринчилигинин коло медалын тагынышкан.

Белгилей кетсек, бул Азия биринчилигинде кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиону болгон.

Пикир

Оставить комментарий