• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык Калашников пулеметун милицияга өз эрки менен берди - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Кыргызстандык Калашников пулеметун милицияга өз эрки менен берди деп билдирди КР ИИМдин басма сөз кызматынан.

Маалыматка караганда, 27-февралда КР ИИМнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына 20 жаштагы “И.Ы” аттуу жигит кайрылган. Ал Калашников пулеметун жана 7,62 мм калибриндеги 19 патронду өз эрки менен берген. Жигиттин айтымында, курал жаракты Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылына жакын жерден таап алган.

КР ИИМдин маалыматы боюнча, пулемет Талас шаарында 2010-жылкы окуя учурунда Ыкчам аракеттеги атайын отряддын кызматкеринен уурдалып кеткен. Учурда бул факт текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий