• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандык жарандарды мекенге кайтаруу жана обсервациядагы жашоо

COVID - 19 0

Чет жерден кайтарылган кыргызстандык жарандар обсеваторлорго жаткырылып, медицина жана аскер кызматкерлеринин көзөмөлүндө болушууда.

"Кабар" агенттигинин кабарчысы чет жерден келген мекендештер жана аларды караган медицина кызматкерлери менен баарлашты.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жатаканасы

Элдияр Сартбаев жакында эле Доха (Катар) шаарынан учуп келген. Башка жарандардай эле анда да коронавирус аныкталган эмес. Дээрлик баары обсервациядан чыгарылып, үйлөрүнө жеткирилген.

"Шарттар жакшы экен. Үч маал тамак беришти. Бизди күн сайын текшерип жатышты. Бул жакка келгенден бери ооз менен мурундан бир нече ирет анализ алышты. Үйгө баргандан кийин көчөгө чыкпай, эч ким менен байланышта болбогула деп айтышты. Жакын адамдардын, туугандардын коопсуздугу үчүн өзүмдүн бөлмөмдөн чыкпайын деп жатам", - деди ал.

Дохадан келген дагы бир мекендешибиз Рысбек Абдыразаков аларды караган медицина кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирет.

"Жыйынтыктар чыккандан кийин үйгө кеткенге даярдана бергиле деп жакшы жаңылык айтышты. Биз Баткенде жашайбыз. Баарыбызды үйгө чейин жеткиребиз деп убада беришти. Катардагы консулдук бизге колдоо көрсөткөнүн айта кетейин. Аэропортко жеткенге жардам берип, консулдуктагы кишилер кайда барууну, эмне кылууну көрсөтүштү". - дейт Абдыразаков.

Белгилүү болгондой өлкөбүздө коронавирус менен күрөшүү үчүн аймактарга кеткен ыктыярчы дарыгерлер болду. "Манастын" жатаканасында ыктыярчы медицина кызматкерлери иштеп жатат. Алардын арасында студенттик оорукананын дарыгери Зуура Абылканова бар. Анын айтымында, алардын тобу өз ыктыяры менен келип, 13-майда ишке киришти.

"Биринчи кезекте келгендердин дене табын өлчөйбүз, бөлмөлөргө бөлүштүрүп, коронавируска анализ алабыз. Япония, Корея жана Катардан келгендердин анализдери таза чыгып, алардын баары чыгарылды. Өткөн түнү Санкт-Петербургдан 5 киши келген. Алар жана 5 медицина кызматкери бул жакта калууда", - дейт ал.

Анын айтымында, кырдаалдын олуттуу экенин түшүнбөгөндөр бар. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

"Түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр да бар. Келгенде эле оорунун кооптуу экенин түшүндүрөбүз. Өзү жөнүндө эле эмес. жакындары – үй-бүлөсү, туугандары тууралуу ойлонушу керектигин айтабыз. Анан коронавирус жуктуруп албаш үчүн эмне кылуу керектигин, обочолонууну кандай аткаруу керектигин сурашат", - дейт Абылканова.

Оор эмеспи, үйгө баргыңар келип жатабы деген суроого ал жылмаюу менен баары жакшы экенин, чарчабаганын айтат.

Белгилүү болгондой медицина кызматкерлерине күнү бою коргоочу костюм, беткап жана кол каптарды чечпей иштегенге туура келет.

"Обсервацияга келгенде адамдарды кабыл алып, андан кийин костюмдарды чечип, жаңыларын кийебиз", - дейт ал.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов, аларга жүктөлгөн милдет тууралуу сөз кылып, министрлик обсервациялык орундарды уюштурууга, тамак-аш жана дезинфекциялоо иштерине жооптуу экенин айтты.

"Биздин кызматкерлер коюлган тапшырманы толук аткарып жатышат. Өлкө боюнча жалпы 11 миң 900 обсервациялык орун түзүлгөн. 15 миң 900 адам обсервацияларда болуп, чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан бул иштерге 200 кызматкер тартылган. Чек арадан тосуп алып, обсервация жерлерине чейин жеткиребиз. Үч маал тамакты уюштурабыз. Башында айрым жарандар тамак өз убагында берилбейт, начар деп нааразы болушкан. Ал кемчиликтерди жойдук. Дайыма текшерүүдөн өтүп, курамды алмаштырып турабыз – 14 күн иштеп, 14 күн эс алуу болот", - деди ал.

"Ак-Кеме" мейманканасы

Учурда "Ак-Кеме" мейманканасында иштеген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Акылбек Төлөмүшов өздөрүнүн иши тууралу айтып берди.

"Алгач Кыргызстанга канча киши келгени тууралуу маалымат түшөт. Ага ылайык биз орундарды даярдайбыз. Келгендерге эмне болот, эмне болбой тургандыгын түшүндүрөбүз. Келген адамдардын тизмесин түзүп, канчасы эркек, канчасы аял, канчасы бала экенин эсептейбиз. Ал сандарды штабга жөнөтөбүз. Келгендерди бөлмөлөргө жайгаштырабыз – эки же үч орундуу, үй-бүлөлүк. Андан кийин аты-жөнүн, туулган жылын, жашаган жерин, телефон номерлерин жазып алабыз. Кимде SIM-карта жок болсо, жаңысын беребиз. Жүктөрүн биринчи кабатта калтырышат. Өзүнүн жанына кол куржунун же керектүү кийим-кечелерин алып алышат. Сырттан келген адамдар өзүнүн бере турган аманатын 12:00-15:00 сааттар арасында күзөт аркылуу берип жиберет", - деди ал.

Мындан мурдараак Саламаттык сактоо министрлиги Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендердин арасында обсервациядан качууга аракет кылгандар болгонун айтышкан. Биз Төлөмүшовдон "Ак-Кемеде" да андай учурлар болду беле деп сурадык.

"Жаңы келгенде бир киши качууга аракет кылган. Үйүнө кое берүүсүн сурап, мейманканага кирүүдөн баш тарткан. Милиция кызматкерлери аны кармап, мейманканага киргизишкен", - дейт ал.

№19 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген хирург-дарыгер Чыңгыз Даминов мейманканадагы обсервацияда иштөө үчүн экинчи ирет келген. Анын айтымында, ал дүйнөдөгү кырдаалды көрүп кайра келүүнү чечкен. Аны менен бирге мейманканада дагы 7 медицина кызматкери иштеп жатат.

"Эртең менен саат 08:00дө кесиптештер менен жолугуп, чогулуш өткөрөбүз. Андан кийин ар бирибиз өзүбүз караган бөлмөлөргө кетебиз. Ал жакта жашагандардын дене табын текшерип, өздөрүн кандай сезип жатканын сурайбыз. Тамак жеткирип, таштандыны алып кетебиз. Эгер баары жайында болсо, форманы чечип, тамак ичебиз. Кечинде обсервацияда тургандарды кайра карап чыгабыз. Азыр бул жакта Бириккен Араб Эмирлигинен жана Түркиядан келгендер жатышат. Анализдеринин жыйынтыктарын күтүп жатабыз. Арасынан коронавирус жуктургандар болсо жугуштуу оорулар бейтапканасына которулушат", - деди ал.

Башында кээ бир адамдардан коронавирус табылганда кандай абалда болдуңар деген суроого ал, биринчи күндөрү коркуу сезими болгонун айтат.

"Апрель айында бул жерде иштегенде, 4 адамда коронавирус табылган. Алар эми эмне болобуз деп чочулашкан. Ал нерсе бизге да психологиялык таасир берген. Оор болгон", - дейт ал.

Бир жума мурда Дубайдан да мекендештер келген. Алардын арасында Үсөн Сатаров бар.

"Бөлмөдө эки кишибиз. Бул жерде шарттар жакшы. Бирок башка жерлерде шарттар анча эмес деп уктум. Бизди караган Замира эжени белгилеп кетким келет. Ал бизге жакшы мамиле кылып, өз милдеттерин так аткарууда. Кечээ күнү экинчи тестти тапшырдык. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин үйгө кое беребиз дешти", - дейт Сатаров.

Анын айтымында, учак билеттеринин баасы болжол менен 500 дирхамга кымбаттаган (10 миң сомго жакын). Ал эми чартердик каттамдар 3 жолу болгон – 26-апрелде, 3 жана 10-майда. Ал учуп келген учакта эл көп болгон.

"Дубайдан учак саат 08:00дө учту. Биз аэропортко түнкү саат 03:00дө бардык. Консулдуктан биздин жаныбызда кол кап, беткап болушу керектигин эскертишти. Эгер бизде коронавирус аныкталса учакка түшпөй турганыбызды айтты. Бирок кимдир бирөөдөн оору чыкканын көргөн жокпуз", - дейт ал.

Дарыгер Замира Мамбетова тууралуу Түркиядан келген Хабиба Шамсудинова да жылуу сөздөрүн айтты.

"Мейманканада иштегендерге, медицина жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине, айрыкча дарыгер Замира Мамбетовага ыраазычылык билдирем. Ал күн сайын биздин дене табыбызды текшерип, сылык мамиле кылат. Мен ыраазымын. Тамактар жакшы. Биз бөлмөдө үч киши турабыз. Эгер анализдер таза болсо эки күндөн кийин үйгө чыгарарын айтышты", - дейт ал.

Мейманканада үйүнө барбай иштегендердин арасында балалуу болгондор бар. 24 жаштагы Адилет Базаркулов 24 күн мурда кыздуу болгон.

"Мен сантехник болуп иштей. Учурда электрик жана инженер болуп иштеп жатам. 17-мартта мейманканага кирип, ошондон бери бул жактан чыга элекмин. 24 күн мурда кыздуу болдум. Аны азыркыга чейин көрө элекмин. Күн сайын келинчегим менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшүп турам. Баарынан 4 жаштагы балам сагынып, мени сурап жатыптыр. Туугандарым түшүнүү менен кабыл алды", - дейт Базаркулов.

Мурдагы "Ганси" аскер базасы

Мурдагы "Ганси" аскер базасынын казармаларында обсервацияда 476 адам жатат. Алардын ичинен 95и аялдар. Алардын баары Соль-Илецк шаарынан келген.

Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн башчысы Бакыт Боталаевдин айтымында, обсервацияда тургандар бир бөлмөдө экиден киши жашап жатат.

"Жуунуучу бөлмө, даараткана, ысык жана муздак суу бар. Дары-дармектер мүмкүнчүлүккө жараша берилип жатат. Бул жерде Улуттук госпиталдан, фтизиатрия, пульмонология, онкология улуттук борборлорунан келген беш бригада иштеп жатат. Ооруларына байланыштуу бир нече адам шаардагы ооруканаларга жөнөтүлдү", - дейт ал.

Боталиев Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрлигинин тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу айтып өттү.

"Качуу аракети болду. Келгендердин бири, биринчиден фамилиясын туура эмес айтып, андан кийин качып кеткен. Милиция аны таап, кайра кайтарды. Ар кандай адамдар бар. Башында моралдык жактан оор абал болду. Ачууланган адамдар болду. Азыр үйгө кетебиз деп маанайлары жакшы", - дейт Боталаев.

Айдар Дандырбаев Москвадан Оренбург облусуна барып, андан кийин Кыргызстанга келген. Учурда ал Россиядагы башка мекендештерди кайтарууну суранат.

"Биз Соль-Илецк шаарында 22 күн, айрымдар 50 күн болду. Кишилердин 80%ы унааларында түнөп жатышты. Жергиликтүү тургундар жардам беришти. Аларга рахмат айтабыз", - дейт ал.

Ошондой эле ал медицина кызматкерлерине да ыраазычылыгын билдирет.

"Бул жерде көп күндөн бери жатабыз. Туугандардай болуп калдык. Диля эже, Ырыс эже, Гуля эжеге рахмат. Алар күнүнө үч маал тамак алып келип, бөлмөнү дезинфекциялап, тазалап турушат", - дейт ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Нурлан Галбаев, мурда-кийин мындай учурлар болбогондон кийин медицина кызматкерлерине изоляцияга алынган, ооруну жуктургандар менен кандай иш алып барууга керектиги түшүндүрүлөрүн айтат.

"Кызматкерлерге алардын милдеттерине эмне кирерин, эмне аткаруу керектигин түшүндүрөбүз. Ар бирине коргоочу костюм, беткап, кол кап берип, карантиндик объекттерге жөнөтөбүз. Маанайлары ар кандай болот: чарчагандар бар, иштейм деп ашыккандар бар", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 17-майга карата коронавирус жуктурган 21 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1138ди түзөт. Алардын ичинен 251и медицина кызматкерлери. 804 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Анын ичинен 204ү медицина кызматкерлери. Коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий