• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Түркиядагы алгачкы машыгууларын өткөрдү — сүрөт

Спорт 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түркиядагы алгачкы машыгууларын өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, футболчулар 14-мартта Анталия шаарында окуу-машыгуу жыйындарынын алкагындагы алгачкы машыгуусун өткөрдү.

Башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин жетекчилигинин алдындагы курама “Миракл” спорт комплексинде машыкты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 8, 11 жана 14-июнь күндөрү Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия кубогунун тандап алуу оюндарына катышат. Кыргызстан F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан командалары менен оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий