• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кызыл-Кыя шаарында баңгизат алып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен ОИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкеринин ыкчам маалыматтарынын негизинде кылмыш иши козголуп, Кызыл-Кыя шаарынын 59 жаштагы С.К. аттуу тургунун тинтүү учурунда анын жанынан 6 даана өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү баңгизатка окшош зат табылып алынган.

Алынган затка тийиштүү экспертиза дайындалып, анын корутундусунда аз өлчөмдөгү “гашиш” баңгизаты экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий