• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өлкө атынан “Аалам сулуусу – 2018” сынагына катышкан Карыбекова – сынакка өз каалоом менен бардым

Коом 0


Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Таиланддын Бангкок шаарында бүгүн таң эртең менен “Аалам сулуусу” сынагы өтүп, Кыргызстанды бул сынакта 20 жаштагы ажарлуу Бегимай Карабекова тааныткан.

Бул жылы “Аалам сулуусу - 2018” наамына Филиппиндик Грей Катрион ээ болгон.

Буга чейин Карыбекованын аталган сынакка катышуусун көптөр негаривдүү кабыл алып, соцтармактарында аны катуу сынга алышкан.

Бегимай Карыбекова өзүнүн соцтармактагы баракчасында :”Мен “Аалам сулуусу - 2018” сынагына өз каалоом менен бардым. Бирөөнүн эсебинен эмес, өзүмдүн каражатыма барып жатам. Бул сынакка катышуу менен мен өзүмдүн жеке атактуулугумду эмес, мекенимдик атактуулугун көтөрүү үчүн жана Кыргызстандын желегин желбиретүү үчүн баратам. Кыргызстанды ушундай ири масштабдагы иш-чарада таанытуу мен үчүн эң чоң сыймык”, - деп жазган ал.

Социалдык тармактарда ажарлуу бийкечти колдогондор да көп болду.

Аталган сынакта дүйнө жүзүнөн 94 өлкөдөн келген сулуулар катышып, кыргызстандык бийкеч көп белгилүү моделдерди өзүнүн оригиналдуу болгон улуттук кийимдери менен таң калтырып, Борбордук Азияда жайгашкан кичинекей өлкө менен дүйнө жүзүн тааныштырган.

Сынакта подиумга бийкеч улуттук дизайнерлер тарабынан жасалган улуттук, кечки көйнөктөрдү кийип чыгып, кыргызстандык таланттуу балдардын өнөрүн көрсөткөн.

“Аалам сулуусу - 2018” сынагынын жыйынтыгына карабастан мекендештер Бегимай Карыбекованы колдоп, бул анын жашоосунун жана карьерасынын биринчи гана кадамдары деп белгилешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий