• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өмүралиев Түркиянын Кайсери шаарында иш сапары менен болду

Коом 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. 3-4-март күнү Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Кайсери шаарына иш сапары болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен биллиришти.

Иш сапардын алкагында Өмүралиев Кайсери провинциясынын губернатору Шехмус Гүнайдын, Кайсери шаарынын мэри Мемдух Бүйүккылыч, Кайсери Өнөр-жай жана соода палаталарынын жетекчилери жана ишкерлери, "Эржиес" университетинин ректору Мустафа Чалыш, ошондой эле Кайсери аймагынын Миграция боюнча башкармалыгынын директору Өмер Ташчы жана Кайсери аймагында жашаган Кыргызстандын жарандары менен жолугушкан.

Элчи Кайсери аймагынын губернатору жана Кайсери шаарынын мэри менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын аймактары жана шаарлары менен Түркиянын аталган провинциясынын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана боордоштук байланыштарды түзүү зарыл экендигин билдирген. Тараптар товар жүгүртүүнүн көлөмүн арттыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кайсери ишкерлеринин Кыргызстанга иш-сапарын уюштуруу жана бирге маданий-гуманитардык иш-чараларды жүргүзүүнү макулдашкан. Аны менен бирге жолугушууда коронавирус боюнча түзүлгөн кырдаал да талкууланган.

Кайсери Өнөр-жай палатасынын ишкерлери өнөр-жай аймагын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө үчүн Кыргызстанга келүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти. Өмүралиев алардын бул иштерине жардам берүүгө даяр экендигин билдирип, кызыккан суроолоруна жооп берген.

"Эржиес" университетинин ректору Мустафа Чалыш менен болгон жолугушууда ал окуу жайда билим алган 68 кыргызстандык студенттин окуу жана жашоо шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жана Түркиянын жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык маселеси талкууланган.

КРнын жарандары менен болгон жолугушууга Кайсери аймагынын Миграция башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана Түркияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын укуктары жана милдеттери тууралуу маселелер каралган.

Маалымат катары: Кайсери шаары – Кайсери провинциясынын административдик борбору. Аймак Түркиянын борбордук Анадолу аймагында жайгашкан жана калкынын саны 1 млн 407 миң адамды түзөт. Кайсери Түркиянын соода-экономикалык жаатта өнүккөн аймактарынан бири. Эмерек чыгаруу, текстиль, химиялык, кайра иштетү өнөр-жайлары, энергетика жана айыл чарба тармагы өнүккөн. Кыргызстан жана Кайсери ортосунда товар жүгүртүү 6,5 млн долларды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий