• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өмүралиев Түркиянын журналисттер бирикмесинин "Эң ийгиликтүү элчиси" наамы менен сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 14-майында Малатьяда өткөн GAP аттуу Түркиянын Журналисттер биримдигинин 15-сыйлоо аземинде “2021-жылдын Эң ийгиликтүү элчиси” номинациясындагы сыйлык Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевге ыйгарылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сыйлык элчи Өмүралиевге Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достукту чыңдоого, ошондой эле туризмди өнүктүрүүгө, экономиканы көтөрүүгө жана өз ара сооданын көлөмүн арттырууга кошкон салымы үчүн тапшырылды.

Иш-чаранын алкагында Молдованын курамындагы Гагауз автономиялуу аймактык райондун башчысы, Түркиянын президентинин Улук кеңешчиси, Румыниянын президентинин Улук кеңешчиси, Малатиянын губернатору жана Мэри, Түркия, Иран жана Румыниянын Соода-өнөр жай палаталарынын башчылары, белгилүү саясатчылар, ийгиликтүү бизнесмендер, илим жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү медиа өкүлдөрү да ар кандай номинациялар боюнча сыйлыктарга татыктуу болушту.

Пикир

Оставить комментарий