• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик катчы “Билим берүү жана санариптештирүү: кадр даярдоонун пайдубалы” аттуу конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Мамлекетти катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 4-февралда, “Билим берүү жана санариптештирүү: кадр даярдоонун пайдубалы” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.

Өз сөзүндө Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстанда адистиктердин улуттук системасын өнүктүрүү керектигин белгиледи.

Ал эске салгандай, Кыргызстанда 64 жогорку окуу жай бар, ал эми калкы бир кыйла көп өнүккөн өлкөлөрдө онго жакын гана ЖОЖ бар.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө бирдиктүү жана туруктуу жогорку билим берүү системасы жок, жогорку билим берүүнүн түзүмүн жана системасын модернизациялоону камсыз кылган комплекстүү саясат жок деп ишенимдүү айтууга болот.

“Бакалаврлар менен магистрлер эмгек рыногунда анча белгилүү эмес. Мындай абал билим берүү сапатын камсыздоонун лицензиялоо жана аттестациялоо механизмдеринын жакшыруусуна мүмкүнчүлүк бербейт”, - деди ал.

Аны менен бирге, Сүйүнбек Касмамбетов кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурду. “Эгерде билим берүүнүн жана окутуунун азыркы абалына талдоо жүргүзө турган болсок, ал коюлган милдеттерге жооп бербей турганын көрүүгө болот. Ошондуктан, билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатындагы саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү зарылчылыгы бар”, - деди ал.

Мамлекеттик катчы Кыргызстанда түздөн-түз адистигине тиешелүү жумуш таба алгандар аз экенин кошумчалады. Маселен, эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүлөрү көбүнчө адистигинен тышкары соода же башка тармактарда иштешет.

“Мисалы, окуу жайдын бир бүтүрүү тобунан жок дегенде эки-үч студент өз адистиги боюнча орношо алса, анда бул чоң ийгилик катары саналат экен. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, жумушсуз жаштардын 60 пайызынын 14 пайызга жакыны гана өз адистигине ылайыктуу жумуш табат же окуусун андан ары улантат”, - деп белгилеген Сүйүнбек Касмамбетов, бул кырдаал тез арада оңдолушу керектигин кошумчалады.

Буга байланыштуу ал Экономика министрлиги жумуш орундарынын тең салмактуулугун такай талдап, сунуштарын берип турушу керектигин, ал эми Эмгек министрлиги кайсыл тармакка кайсы адистер керек экенин аныктап туруш керектигин баса белгиледи. “Ал эми Билим берүү тармагы кимди жана канча адисти даярдоону так түшүнүшү керек, Ал үчүн адегенде адистиктин улуттук системасын иштеп чыгуу зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий