• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мете Хыдыроглу Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасына башкы дарыгер болуп дайындалды

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасына түрк тараптан профессор Мете Хыдыроглу башкы дарыгер болуп дайындалды. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев жаңы дайындалган башкы дарыгерди оорукананын жамаатына тааныштырды.

Министр өз сөзүндө Кыргызстандын калкына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүп жаткан оорукананын жамаатына ыраазычылык билдирип, оорукананын жаңы башкы дарыгерине ийгиликтерди каалады.

Ал ошондой эле бул оорукананын КР саламаттыкты сактоо тутуму үчүн кадрларды практикалык жактан даярдоодо чоң мааниси бар экенин белгиледи. Бул ооруканада практикадан өткөн жергиликтүү медицина кызматкерлери инновациялык көндүмдөрдү өздөштүрүп, жетиштүү тажрыйбага ээ болгондон кийин, кадрдык потенциалды чыңдоо жана калкты медициналык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын башка саламаттык сактоо уюмдарына жиберилет.

Эске салсак, Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан дайындоо мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасынын башкы дарыгери доцент, доктор Озгур Челеби Түркияга кайтып кеткен.

2022-жылдын 1-февралында КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен башкы дарыгердин жаңы орун басары Масалиев Осмонали Саттарович дайындалды.

2018-жылдын 1-сентябрындагы ратификацияланган өкмөттөр аралык келишимдин шарттарына ылайык, Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасынын башкы дарыгери Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалган. Анын орун басары КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий