• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россияда кыргызстандыктар арасында президенттин кубогу үчүн футбол турнири өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Россияда жашаган мекендештер арасында Кыргызстандын президентинин кубогу үчүн футбол турнири өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, биринчи жолу уюштурулган турнирде Кыргызстандын 40 районунан жана 8 шаарынан келген өкүлдөрдөн турган 48 футболдук команда бир ай ичинде оюн көрсөтүп, мыктылар аныкталды.

22-майда турнирдин жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, анда Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Медетбек Букуев катышуучуларга кайрылып, мамлекет башчысынын атынан жеңүүчүлөрдү куттуктап, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал белгилегендей, мындай иш-чараларды өткөрүү элибиздин ынтымагын, достугун, биримдигин чыңдап, спортко жана жигердүү жашоо образына болгон сүйүүнү күчөтөт.

Төмөнкүлөр турнирдин жеңүүчүлөрү болуп таанылды:

1-орун - Ысык-Көл облусунун Түп районунун командасы;

2-орун - Ош облусунун Кара-Суу районунун командасы;

3-орун - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун командасы.

Негизги футбол турнири менен бир убакта "40+" ардагерлер арасында турнир өткөрүлдү, анын жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталды:

1-орун - Ысык-Көл облусу;

2-орун - Жалал-Абад шаары;

3-орун - Баткен облусунун Баткен району.

Турнирдин жеңишке жеткен командалары медалдар жана акчалай сертификаттар менен сыйланышты. Биринчи орунга 300 миң рубль, экинчи орунга 200 миң рубль, үчүнчү орунга 100 миң рубль, 4-орунга 50 миң рубль тапшырылды.

Мындан тышкары, оюнчуларга "мыкты дарбазачы", "мыкты коргоочу", "мыкты чабуулчу" жана "мыкты машыктыруучу" номинациялары боюнча тиешелүү дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий