• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Нарында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 07:59да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын районунун Куланак айылында 3,5 балл, Достук, Учкун айылдарында 3 баллга, Ак-Булак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Белгиленгендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий