• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Нарында Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгы 3,6 миллион сомго белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук маданий борбору залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгын 3 миллион 600 миң сомго өткөрүүгө кызмат көрсөтүүлөрдүн сатып алуусун жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалгандай, сынактык билдирмелерди берүү мөөнөтү 26-сентябрь.

Иш-чара 29-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районунун Ормонхан айылында өтөт.

Техникалык талаптарга ылайык, искусство чеберлери манасчынын 150 жылдыгына арналган театралдаштырылган пролог жана салтанаттуу фестиваль уюштурушу керек. Кызмат көрсөтүүлөрдү жогорку деңгээлде катасы жок тартуулоо зарыл.

Режиссёрдук-коюучу топко 698 миң 600 сом, артисттик топко 801 миң сом, техникалык топко 1 миллион 187 миң 500 сом сарпталат. Андан сырткары автотранспортту ижарага алуу 60 миң сом, командировкалык топко 285 миң сом, социалдык фондго 269 миң 500 сом. Манасчылар үчүн байге фонду 300 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий