• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокатта жергиликтүү кеңештин депутаты пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 24.08.18./Кабар/. Ош облусунун Ноокат районундагы “Он-Эки-Бел” айылдык кеңешинин депутаты пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (ЭКККМК) билдиришти.

ЭКККМКга арыз менен кайрылган жаран жер маселелери боюнча адис жана депутат андан 80 миң сом акча талап кылышкандыгын айткан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Көп өтпөй 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кызматтык бөлмөсүндө жер маселелери боюнча К.И. аттуу адис жана жергиликтүү кеңештин депутаты С.О. кармалган. Экинчиси тергөө аяктаганга чейин Ош шаарынын СИЗОсуна камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий