• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Нооруз майрамына карата Баткенде гарнизондук саптык кароо өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Баткен шаарында бүгүн Нооруз майрамына карата Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов гарнизондук кароо өткөрдү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гарнизондук кароого Баткен ОИИБнын, Баткен шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы, КР ИИМнин 707 ички аскерлер бөлүгүнүн кызматкерлери жана КР ИИМдин атайын багыттагы полкунун Баткен облусундагы ротасынын күжүрмөн кызматкерлери, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери, ошондой эле кинология кызматы катышты.

Саптык катарга тизилген кызматкерлердин жазгы кийимдери текшерилип, саптык кароо болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий