• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нуран Ниязалиев менен Өзбекстандын элчиси чек ара маселесин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы дагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

КР Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу күн мурун, 24-августта болгон.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашкан.

Андан тышкары, Ниязалиев менен Мирзахидов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессине өзгөчө көңүл бурушкандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий