• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ок атуучу куралдарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү сатуу менен алектенген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Ок атуучу куралдарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында ок атуучу куралдарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү сатуу менен алектенген жаранды жана аны менен байланышкан кылмыш фактыларын аныктоо боюнча операцияны ийгиликтүү аякташты.

Буга чейин коркунуч туудурган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу максатында укук коргоо органдары тарабынан атайын ыкчам иш-чаралар өткөрүлгөн.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө Д.А. аттуу жаран “АКС-74” үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 30 даана огу менен мыйзамсыз сатуу учурунда кармалды.

Кармалган жарандын жашаган жерине кечиктирилгис тинтүү иш-чараларын жүргүзүү учурунда, анын унаа токтотуучу жайынан жарылуучу заттар жана жардыруучу түзүлүштөр табылып алынган, алар: 5 даана тротил шашкасы (ТП-400, ТП-200), детонациялык шнур, кол гранатынын бир нече запалдары, үч даана Ф-1 жана РГД-5 күжүрмөн гранатасы, ок атуучу куралдын октору, 2 даана күйүүчү түтүктөр.

Табылып алынган жарылуучу заттар менен жардыргыч түзүлүштөр экспертизага жөнөтүлдү.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий