• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Оор жүк ташуучу жана жеңил унаа кагылышып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Бишкек – Нарын – Торугарт жолунда (45-чакырымында) жол кырсыгы катталып, натыйжада бир адам каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облусу боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык жарым саат мурда болгон. “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа батышты карай, ал эми “Форд Фокус” унаасы чыгышты карай бара жаткан. Алдын ала маалыматка ылайык, жеңил унаанын айдоочусу рулда көзү илинип уктап кеткен. Натыйжада ал карама-каршы тилкеге чыккан. Кагылышуунун кесепетинен ал дарыгерлер келгенге чейин көз жумган, жүргүнчү ооруканага жеткирилген,-деп кабарлашты ведомстводон.

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган эмес.

Пикир

Оставить комментарий