• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош: 225-кварталда жаңы социалдык имараттардын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 06.07.23. /Кабар/. Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дээрлик 1,5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында шаардын муниципалдык кызматтары тарабынан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.

Социалдык курулуштар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышып, тиешелүү кызматтарга, аталган имараттарды курган «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий