• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Ош Базарында” комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 8-июнь /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Ленин райондук администрациясы “Ош Базарынын” айланасында ведомстволор аралык иш-чараларды жүргүзүп жатат. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чаранын алкагында соода түйүндөрүндө мүлктү каттоо, соода кылганга уруксат кагаздарынын бар жогу текшерүүгө алынды. Жалпысынан 1322 соода түйүнү текшерилди.

Мыйзамсыз жана сапатсыз дары-дармек саткандарды аныктоо иш чарасында Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусунда комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү. Натыйжада, “Берекет” соода борборундагы кемчиликтерди жою боюнча тиешелүү жактарга эскертүү берилди.

Берилген эскертүүнүн негизинде “Берекет” соода түйүнүнүн жетекчилиги дары-дармек сатууга уруксат кагаздары жок, соода кылып келген ишкерлер менен болгон келишимди бузуу, аларга мындан ары соода түйүндөрүн ижарага берүүнү токтотуу милдеттендирилди. Ошондой эле, аларга иштеп жаткан кодекстин негизинде административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча протокол түзүлдү.

Аныкталбаган жерде соода кылгандарды жою максатында “Ош базарынын” аймагында тагыраагы, Чүй проспектиси, Бейшеналиева, Кулиев, Киев, Токтогул көчөлөрүндө рейд жүрдү. Белгилүү болгондой, жыл башынан бери аталган көчөлөрдө тартип бузгандар үчүн 29 административдик протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары эт сатууда мыйзам бузууларды жою иретинде, тиешелүү органдын өкүлдөрүнүн катышуусунда текшерүүлөр жүрүп турат. Ошондой эле, аталган базардын айланасындагы унаалардын тыгындарын азайтуу багытында бир катар иштер аткарылды. Тиешелүү жерлерде белгилердин өчүп калганына байланыштуу «Бишкекасфальтсервис» мекемесине эскертүү берилди. Ошондой эле, Кулиев менен Токтогул жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине кошумча милиция кызматкерлери коюлду. Анын натыйжасында 10 административдик протокол түзүлгөнү маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий