• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош көчөсүн кеңейтүү боюнча даярдык иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 07.11.23./Кабар/. Ош көчөсүнүн Ж. Райымбеков көчөсүнөн Ж. Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү жана оңдоп-түзөө боюнча даярдыктар башталып, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Иштин жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышып, тургундар менен жолугушуп, тиешелүү мекеме-ишканалардын, кызматтардын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында Ош шаарынын мэриясынын жумушчу тобу жолдун чек арасын тактап, “кызыл сызыктан” чыккан имараттардын чек арасын белгилөөдө.

Жолдун туурасы эки тарабындагы тротуарларды, ирригациялык тармактарды, жарыктандырууну кошкондо 12 метр. Жалпы узундугу болжол менен 800 метрди түзөт.

Аталган тилкеде оңдоп-түзөө иштери 2024-жылга мерчемделген.

Пикир

Оставить комментарий