• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош мэриясы балдар үйүндөгү балдардын жайкы эс алуусун уюштурат

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы балдар үйүндөгү балдардын жайкы эс алуусун уюштурат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма өз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-майда Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов Ош шаарындагы "Алтын уя", "Лотос", "Борукердик" балдар үйлөрүнөн кабар алды.

Вице-мэр жай мезгилинде балдардын эс алуусуна өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

"Ош шаарынын мэриясы интернаттагы балдардын маданий эс алуусуна өзгөчө көңүл бурат. Балдар лагерлеринде эс алуу уюштурулат. Мындан тышкары, Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата интернаттардын жана социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн өзүнчө программа даярдалууда. Шаардык “Дельфин” бассейнине да барып турушат. Мындан тышкары, жаратылышта спорттук мелдештерди уюштуруу менен бирге музейлерге, китепканаларга алып баруу, саякатка алып чыгуу пландалууда", - деди Шадыханов.

Учурда “Боорукердик” мектеп-интернатында 20 бала, “Лотос” балдар үйүндө 12, “Алтын Уяда” 12 бала тарбияланууда.

Пикир

Оставить комментарий