• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында майрамдык айт намазга 13 миңдей адам катышты

Аймак 0

Бишкек, 09.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июлда Ош шаарынын борбордук аянтында ыйык Курман айт майрамынын урматына айт намаз окулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айт намазга калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты.

Марс Исаев өз сөзүндө жалпы элди ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап, Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи.

Майрамдык айт намазга жалпысынан 13 миңге жакын адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий