• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарындагы көп балалуу энелер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 20-майда Ош шаарындагы көп балалуу энелер "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

Аземге Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров катышып, энелерди төш белги менен сыйлап, коомдун келечеги ата-эненин тарбиясына, мээримине көз каранды экендигин баса белгиледи. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, Ош шаары боюнча жалпы жетиден ашык балалуу болгон 15 аял "Баатыр эне" ордени, алты баланы тарбиялап жаткан 14 аял "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагындагы көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий